Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №12-6

 

16-февраль 2024-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы                                                                                         

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемелованын сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы алымча-кошумчасы менен  бекитилсин (1-тиркеме тиркелет 3(үч) баракта);
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

           Төрага                                                                                        Э. Толубаев

 

 

 

                                                                                                                         Каттоо № 50

 

 

 

 

 

 

 Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                         Кеңешинин депутаттарынын 16-февраль

                                                                              2024-жылдагы кезектеги XII сессиясынын

                                                 №12-6 токтомуна 1-тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык кеңештин 2024-жылга  карата иш планын бекитүү

 

1-квартал

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Э.Толубаев, Г.Асанова, туруктуу комиссиянын төрагалары

2

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

Р. Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору К.Кулуев

3

Айыл өкмөттүн 2023-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Абдымаликов,

Айыл өкмөтүнүн ФЭСӨБдин башчысы К. Жапаров

4

Ат-Башы айыл аймагынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, ФЭСӨБдин башчысы К. Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э.Абдымаликов

5

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2024-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, СЭБдин башчысы К.Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э.Абдымаликов

 

6

2023-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу.

1-квартал

Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылдарынын жайыт комитетинин төрагалары, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев

7

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

 

 

1-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

8

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү.

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, КБФ жерлерин  бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө

                                                

2-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу, жайыт жана айыл чарба маселелри боюнча башкы адис Р.Мүсүралиев, Ат-Башф, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын жайыт комитетинин төрагалары,

жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев

 

9

Ат-Башы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, айыл өкмөткө инвестицияларды жана  гранттарды тартуу иштери, мектептерде, бала-бакчаларда тамак-аштын берилиши жана өткөрүлгөн тендерлер боюнча

 

2-квартал

Айыл өкмөт башчысы Р.Докоев,  ФЭСӨБдин башчысы К.Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э.Абдымаликов,

райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү

10

Ат-Башы, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарындагы  жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана жалпы тазалык  иштеринин  жүрүшү, көчө жарыгынын  абалы жөнүндө

 

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору К.Кулуев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев

11

Ат-Башы айыл аймагындагы жугуштуу  илдеттердин  алдын алуу жана эпизоотиялык абал (эмдөө, санитардык, санитардык иштер, идентификация) жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүнветеринария жана малчарбачылык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Н.Майрамбеков, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Мелис уулу

12

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык көрүү

  2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер, турак жай, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчик иштери боюнча башкы адис А. Каленов,  курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Мелисов

 

13

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

Р.Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору

К. Кулуев

14

Айылдагы күзгү  ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы

3-квартал

Айыл өкмөттүн  башчысы Р.Докоев,  жайыт комитетинин  төрагасы А.Манапбаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев

15

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары А.Жумалиев, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э.Абдымаликов

16

Айыл аймактагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) иштери жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн юридикалык иштер, пробация жана коомдук тартип иштери боюнча башкы адис-юрист Н. Карыбеков, Аксакалдар сотунун төрагасы С.Өмүралиев,  участкалык инспекторлор,  Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дүйшөнов

17

Айыл аймактагы спорт жана жалпы социалдык маселердин абалы (маданий жана спорттук иш чаралар, зордук зомбулуктун алдын алуу, социалдык жана гуманитардык жардам, туризмди өнүктүрүү) жөнүндө

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана миграция боюнча башкы адис Г. Сакатаева, Ак-Жар, Ат-Башы, Ача-Кайынды айылдарынын маданият кызматкерлери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  У.Мелис уулу

 

18

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо

4-квартал

Кенештин төрагасы жана орун басарлары 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                                              Н. Кемелова 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет