Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XII сессиясынын
ТОКТОМУ №12-5
16-февраль 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровдун Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчетунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн бюджетинин киреше бөлүгү 115 704 700 (бир жүз он беш миллион жети жүз төрт мин жети жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 109 340 600 (бир жүз тогуз миллион үч жүз кырк мин алты жүз) сомго бекитилсин.
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 49