2023-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XII сессиясынын
ТОКТОМУ №12-4
16-февраль 2024-жыл Ат-Башы айылы
2023-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу
отчетун угуу жөнүндө
2023-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин берген отчетторун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча айрым аткарылбай калган жумуштарын эске алып, кемчиликтерди белгилөө менен «канааттандырарлык» деп табылсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевдин 2023-жыл ичинде аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын;
Төрага Э. Толубаев
Каттоо № 48