Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XII сессиясынын
ТОКТОМУ №12-2
16-февраль 2024-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу жана эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын төрагасы болуп Толубаев Эрмек Толубаевич шайлангандыгы белгиленсин;
- Э. Толубаевдин төрага болуп шайлангандыгына байланыштуу төраганын орун басары кызматындагы ыйгарым укуктары токтотулсун;
- Төрага Э.Толубаевдин шайлангандыгы тууралуу Нарын облусунун юстиция башкармалыгына маалымдалсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасынын орун басары Г. Асанова
Каттоо № 46