Кыз келиндер арасында волейбол оюну болуп оттү.
2024-жылдын 7-мартында "8-март Айымдардын эл аралык күнүнө" карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоев жана Ат-Башы району боюнча спорт инструктору Б.Садыковдордун демилгеси менен кыз келиндер арасында волейбол оюну өттү.
Оюнга жалпы 10 команда катышып,күч сынашты.
Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
3-орунду Ак-Жар айылынын командасы-III-даражадагы диплом жана 5000 сом менен сыйланышты;
2-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү- II-даражадагы диплом жана 7000 сом менен сыйланышты;
Ал эми 1-орунду "Ат-Башы-1" командасы-I-даражадагы диплом жана 10000 сом менен сыйланышты.
Ошондой эле мелдеште мыкты оюн көрсөткөн 7 оюнчуга "Мыкты оюнчу" номинациясындагы дипломдор жана ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.