Ат-Башы айылында "Таза жашоо" урааны алдында жарыяланган жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн ишембиликтер.
Ат-Башы айыл аймагында 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин аймактарды санитардык тазалоо, инфраструктураны оңдоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Таза жашоо" урааны алдында үч айлык жарыяланган. Үч айлыктын алкагында айыл аймагында бак-дарактардын, ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн отургузуу жана айланасын тосуу, борбордук көчөлөргө санитардык тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү, ички арыктарды тазалоо, суу бөлүштүрүүчү тосмолорду куруу, таштандыларды чыгарып тазалоо боюнча иштер аткарылууда.