8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата 70 жашка чыккан 70 апаларга белектер тапшырылды.
2024-жылдын 7-мартында "8-март Айымдардын эл аралык күнүнө" карата Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Башы,Ак-Жар жана Ача-Кайынды айылдарынын жетимиш жашка толгон жетимиш апаларды Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоев, айылдык кеңештин депутаттары К.Айдыралиев,Ы.Мөндүрбаева,
Э.Абдымаликов жана Р.Акаевалар болуп куттуктап,жылуу сөздөрүн айтып, белектерди тапшырышты.
Ошол эле учурда апалар өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип,айыл өкмөттүн ишине ийгилик,мындай жакшы саамалыктарды улантып, эл үчүн иштешин каалап, ак баталарын беришти