Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин айыл 1,2,3-кварталдын тургундары менен жолугушуусу
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары !
2023-жылдын 10-январында Ат-Башы айылынын 1,2,3-кварталынын жашоочулары ошондой эле ошол чөлкөмдөн шайланган айылдык Кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоев жана айыл өкмөттүн кызматкерлери менен жыйын өткөрүлдү.
Жашоочулар, айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге ар кайсы багыттагы суроолорду берип, тийиштүү жоопторун алышып жана ошол чөлкөмдөгү көйгөйлүү маселелер, сын сунуштардын негизинде иш-чаралар планы түзүлүп, аткаруу боюнча жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Мындай жыйындар ар бир квартал боюнча түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлөт.