2018-жылдын 30-мартында аукцион өткөрүлөт.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары! Ат-Башы айыл өкмөтү 2018-жылга карата айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен №146, №148, №203 контурундагы ижарага берилген жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүктөн кайрадан аукцион өткөрөт.
Аукцион 2018-жылдын 30-мартында күндүзгү саат 14:00дө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн имаратында өтөт. Аукционго катышуу үчүн арыздар жана документтер айыл өкмөтүнүн имаратында 8:00дөн баштап 17:00гө чейин кабыл алынат. Документтерди айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Асаналиев Кылычбайга тапшыруу керек. Документтер 30.03.2018-жылга чейин кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 0707 388-965; 0770 388-965.