Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын 2024-жылдын бюджетинин эсебинен которууга макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-4
4-декабрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын 2024-жылдын бюджетинин эсебинен которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталып жаткан Ак-Жар айылындагы Ашырбеков Абдыкалый маданият үйүнүн сырткы фасадын капиталдык ремонт жасоого 550 000 сом жана техникалык көзөмөл кызматын алууна 50 000 сом, жалпы 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика,статистика жана инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 37