Айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-1
4-декабрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
Айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунуштарынын негизинде айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаттарын муктаждыкка жараша бөлүштүрүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Аймактарды бириктирүүдө Ат-Башы айыл өкмөтүнө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаттарын лизинг аркылуу 2 даана оор жүк ташуучу (Хово) үлгүсүндөгү техника жана бир даана (Хюндай) үлгүсүндөгү эксковатор алууга өздүк салымы үчүн которууга макулдук берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 34