АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен бөлүнгөн гранттык акча каражатына сүттү кайра иштетүүчү жана таштандыны кайра иштетүүчү жабдууларды алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-2
30-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен бөлүнгөн гранттык акча каражатына сүттү кайра иштетүүчү жана таштандыны кайра иштетүүчү жабдууларды алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылына АРИС АИД-3 кошумча каржылоо (COVID-19 га жооп кайтаруу боюнча) долбоорунун алкагында грант катары бөлүнгөн 54 000 (элүү төрт миң) АКШ доллар акча каражаты экономикалык багыт катары тандалып алынган “Сүттү кайра иштетүү” долбооруна 500 000 (беш жүз миң) сом жана “Таштандыны кайра иштетүү” долбооруна 4 198 000 (төрт миллион бир жүз токсон сегиз миң) сом жумшалсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика, статистика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 32