Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн акча каражатын тогуз айдын жыйынтыгы менен кароо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын

ТОКТОМУ №8-1

 

30-октябрь 2023-жыл                                                                              Ат-Башы айылы 

                                                                                     

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн акча каражатын тогуз айдын жыйынтыгы менен кароо  жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаттарын 9 айдын жыйынтыгы менен  муктаждыкка байланыштуу бөлүштүрүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                           

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен  төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:

 

Аталышы

Сунушталган сумма

1

 Башкы планга

2233,1 миң сом

2

Түстүү принтер алууга

100,0 миң сом

3

Таза сууга болгон төлөм

58,0 миң сом

4

Камсыздандыруу автомашина             

34,0 миң сом

5

Рутокен электрондук кол тамга

7,0 миң сом

6

Жасалуучу жолдун сметалык иш кагаздарын бүткөрүүгө

245,0 миң сом

 7

Электр эсептегич алууга

73,5  миң сом

 8

Ит атууга

20,0 миң сом

 9

Канц товар алууга

50,0 миң сом

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери  Н. Барыктабасовага милдеттендирилсин;
  2. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Ат-Башы  айыл  өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                               А. Шүкүрбеков 

                                                                                                                                                        Каттоо № 31

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет