АРИС АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бөлүнгөн акча каражатын социалдык багыттарга бөлүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-9
6-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
АРИС АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бөлүнгөн акча каражатын социалдык багыттарга бөлүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- АРИС АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бөлүнгөн 85 000 (сексен беш мин) АКШ доллары А.Курманалиев атындагы бала бакчанын чатырын жабуу иштерине 5 436 378 (беш миллион төрт жүз отуз алты мин үч жүз жетимиш сегиз) сом, ал эми А. Керимбаев атындагы орто мектебинин электр жабдыктарын алмаштыруу иштерине 2 043 700 (эки миллион кырк үч мин жети жүз) сом жумшалсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика, статистика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 30