АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен келген гранттык акча каражатына айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-6
6-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен келген гранттык акча каражатына айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайынды айылына АРИСтен грант катары бөлүнгөн 54000 (элүү төрт мин) АКШ долларына айыл чарба техникасы шаймандары менен алынсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика, статистика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков.
Каттоо № 27