Ат-Башы токой чарбасына тиешелүү 2,19 га жер аянтын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19га жер аянты менен алмашуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-3
6-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы токой чарбасына тиешелүү 2,19 га жер аянтын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19га жер аянты менен алмашуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Ат-Башы токой чарбасынын 86-кварталынын 2,3 бөлүмчөсүндө (выдел) жайгашкан 2,19 га токой фондусундагы жер, Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19 га жер аянтына алмашылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси Р.Мүсүралиевке милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 24