Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын VI кварталы үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-2
6-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын VI кварталы
үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын VI кварталы үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын VI кварталына карата иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 1-тиркелет 2 (эки) баракта);
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 23
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
6-октябрь 2023-жылдагы
№7-2 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-кварталы үчүн
И Ш П Л А Н Ы
№ |
Каралуучу маселелердин мазмуну |
Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга жооптуулар |
1 |
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө
|
4-квартал |
Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Г.Сакатаева, социалдык жактан коргоо жана жаштар саясаты боюнча адис К.Казиева, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төраагасы У.Мелис уулу |
2 |
Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө |
4-квартал |
Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаева, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Абдымаликов |
3 |
Айыл өкмөттүн 2023-жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу отчетун угуу |
4-квартал |
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоев |
4 |
“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу отчетун угуу |
4-квартал |
“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору С.Эсенов |
5 |
Ат-Башы айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана турак жайларды камсыздандыруу иштери жөнүндө |
|
Айыл өкмөттүн жер, турак жай, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асакул уулу, Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Мелисов |
6 |
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча жана малдарды идентификациядан өткөрүү иштердин абалы жөнүндө |
4-квартал |
Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси, ветеринария боюнча башкы адиси Н. Майрамбек уулу, жайыт комитетинин башчысы Т.Ботаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Сооронбаев |
7 |
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө |
4-квартал |
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары А.Жумалиев, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Мелис уулу |
8 |
Ат-Башы айылынын эли менен жолугушуу өткөрүп жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берүү |
4-квартал |
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттары |
9 |
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө |
4-квартал |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык кеңештин катчысы Т. Ыдырысов