Өкүлчүлүктүү жыйындардын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графигин, делегаттарынын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-1
6-октябрь 2023-жыл Ат-Башы айылы
Өкүлчүлүктүү жыйындардын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графигин, делегаттарынын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 24-июль 2023-жылдагы №146 “Элдик Курултай” жөнүндө конституциялык мыйзамынын, 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгын жетекчиликке алып, Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын пикирин, сунуштарын угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2023-жылдын 18-ноябрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны чакыртылсын жана “Чатыр-Көл” кинотетрынын жыйындар залында саат 14.00 дө өткөрүлсүн;
- Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарынын саны 150 адам деп бекитилсин, анын ичинде
- Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы – 40
- Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 40
- Ача-Кайынды айылы – 35
- Ак-Жар айылы - 35
- Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Өкүлчүлүктүү жыйындын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:
Жумушчу топтун төрагасы: А. Шүкүрбеков– Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы;
Жумушчу топтун катчысы: Т. Ыдырысов– Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү: Т. Сыдыков – жарандык коомдун өкүлү;
М. Карымбаев - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
Э. Толубаев – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
А. Табылды кызы – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
К. Эсенгул кызы – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн кызматкери;
- Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн;
- Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 22
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 6-октябрь
2023-жылдагы кезексиз VII сессиясынын
№7-1 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги
№ |
Квартал |
Өткөрүү күнү, жери |
Өткөрүү жери |
Сааты |
1 |
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы |
16.10.2023
|
А. Керимбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында |
14.00 |
2 |
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы |
17.10.2023
|
Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында |
14.00 |
3 |
Ача-Кайынды айылы |
18.10.2023 |
Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында |
14.00 |
4 |
Ак-Жар айылы |
19.10.2023 |
Ак-Жар Маданият үйүнүн имаратынын жыйындар залында |
14.00 |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Т. Ыдырысов
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 6-октябрь
2023-жылдагы кезексиз VII сессиясынын
№7-1 токтомуна №2 тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ |
Квартал |
Жооптуу депутаттар
|
1 |
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы |
Айдыралиев Кубанычбек Абылгазиевич Эсенгул кызы Элнура Жумгалбек кызы Айнура Акбаева Жыргалбүбү Асанакуновна Осмонов Женишбек Мукашович Турдумбаева Минакан Мелисов Илгиз Мелисович Акаева Рита Тимуровна Нурланов Ролан Нурланович Мөндүрбаева ЫрысбүбүМуканбетовна Өмүракунов Асан Сулайманович |
2 |
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы |
Жоломанов Нарынбек Жоломанович Абдымаликов Элдияр Абдымаликович Өмүрбек уулу Улан Төлөгөн кызы Мээрим Жаныгулова Назира Мамбеталиевна Усупова Динара Эриковна Ясинова Наргизахан Жузубакуновна Мелис уулу Улукбек |
3 |
Ача-Кайынды айылы |
Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна Асанова Гүланда Жаныбек уулу Анарбек Жумалы кызы Таалайгүл Исаев Турсунбек Жумабекович Мааткабылов Малик Монолдорович Муханбет уулу Анарбек Турдукожо уулу Өмүр Өмүрбек уулу Кожомурат Сасанова Эльмира Карагуловна Токторбай уулу Акылбек |
4 |
Ак-Жар айылы |
Абитакун уулу Аскар Алыкеева Гүлнара Турганбаевна Асыпбеков Жаныш Асанович Дүйшөнов Азатбек Турсунович Качкынова Айнур Мустапаевна Максутова Гүлжан Токтомамбетовна Пазылахунова Саида Калимжановна Сооронбаев Эрулан Темирбек кызы Нурия Токтомушев Марат Токтобекович |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Т. Ыдырысов