Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

  кезектеги I сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 1-12

 

Ат-Башы айылы                                                                                     9-февраль 2018-жыл  

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу

комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатарынын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:

1. Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – К. Айдыралиев;

Мүчөлөрү: А. Аалиев, К. Асаналиев, Н. Жоломанов, Б. Жеңишбек уулу;

2. Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – Э. Сейитказиев;

Мүчөлөрү: Ж. Акбаева, М. Абдылдаев, Т. Сыдыков;

3. Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар  боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – Э. Абдымаликов;

Мүчөлөрү: И. Мелисов, Н. Ясинова, Д. Осмонов;

4. Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – М. Акматалиев;

Мүчөлөрү: Б. Чөлбаева, Т. Каденов;

5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – Г. Молдоянова;

Мүчөлөрү: Ж. Курмангалиев, А. Жумабеков;

 

  1. Кайрадан түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык  иш алып баруу жагы тапшырылсын.
  2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы    Т. Ыдырысов                                                                                                                                                                                                                              

                                                                                                                                 

 Каттоо № 12

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет