Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз IV cессиясынын

ТОКТОМУ №4-3

 

21-июль  2023-жыл                                                                         Ат-Башы айылы                                                                                         

 

Ат-Башы айыл  аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл  жүргүзүү  үчүн убактылуу комиссия

түзүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айыл  айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Ат-Башы  айыл  аймагынын  айылдык кеңешинин Регламентинин 13-главасын жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу максатында Ат-Башы  айыл  аймагынын  айылдык   кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                          

  1. Ат-Башы айыл  аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

 

Комиссиянын төрагасы: А. Өмүракунов;

Комиссинын мүчөлөрү:   Ы. Мөндүрбаева

                                              И. Мелисов

                                              М. Ноорузбаев

   Г. Алыкеева

                                              А. Абитакун уулу

                                              Д. Албанова

2. Түзүлгөн комиссияга өздөрүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын, ошондой эле купуялуулукту сактоо жагы милдеттендирилсин.

3. Жазуу жүзүндөгү макулдуктарынын негизинде жогорудагы түзүлгөн комиссиянын курамына кирген депутаттарды Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн веб-порталынын тизмегине киргизүү жагы каралсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   А. Шүкүрбеков 

 

                                                                                                                                                        Каттоо № 18

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет