Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

  кезектеги I сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 1-9

 

Ат-Башы айылы                                                                                     9-февраль 2018-жыл  

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин

мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын

бекитүү жөнүндө

 

             Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү боюнча  айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси              К. Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы 2018-2023-жылга чейинки мөөнөткө бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет 3 (үч)  баракта).

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси     К. Асаналиевге жүктөлсүн; 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын. 

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы       Т. Ыдырысов                                                                                                                                  

                                                                                                                        

 Каттоо № 9

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

9-февраль 2018-жылдагы

№1-9 токтомуна  №1 тиркеме

 

 

Атбашы айыл өкмөтүнун жерлеринин жалпы курамы

Мурдагы чарбаларды кайра тузуунун натыйжасында учурда айыл өкмөтүнун аймагында 26050,00 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер - 3879,00 га, калкконуштардын жерлери - 612,00 га, өнөржай, транспорт жерлери - 14,00 га, запастагы жерлер - 20949,00 га1.

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИНИН  МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУНУН  ЖЕРЛЕРИН  КУРАМЫ

МАКФнын жерлеринин жалпы аянты - 286,83 га, анын ичинен сугат айдоо - 280,74 га (шарттуу сугат), чөп чабык - 6,09 га.

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИНИН  МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУНУН  ЖЕРЛЕРИН  ПАЙДАЛАНУУ

2017-жылга карата МАКФнын 261,00 га анын ичинен 2га чөп чабынды жалпы 263,0 га жер аянты (№251, №197, №198, №146, №148, №203-контурлардагы ) жерлер ижарада, анын ичинен сугат айдоо - 261,0 га бул жерлер шарттуу сугат болуп эсептелет (электр насосу аркылуу сугарылат), 2015-жылы көп санда ижарачылар жерлерден баш тартышты. Бирок úч жылдан бери +мкө каналы райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жана дыйкан фермерлердин жардамы менен жылга тазаланып жаткандыктан жана насостук агрегаттардын запастык бөлúктөрú салынып, лотоктор өз учурунда ремонттон өтúп тургандыктан айыл тургундары ижарага жер участокторун алып башташты .

2017-жылга  карата МАКФнын аукциону менен берилген 1,0 га сугат жеринин ижара акысы - 8001700 сомдон тúзгөн, мунун ичинде жер салыгы суу баскан аянтка - 27,15 сом, социалдык төлөм 54,30 сомду түзөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланылбаган жерлери

2018-жылдын  1-январына    карата МАКФын 26,0 га жери пайдаланылбай турат, анын ичинен 24,0 га (№203-контур) сугат жер, 2,0 га (№41,№42 контурлар) чөп чабынды.

 

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жер пландоо аймактары

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин экономикалык жактан кызыктырган аймагы

МАКФнын жерлери шарттуу сугат болуп эсептелингенден кийин, суу маселеси абдан татаал болгондугуна жана жерлер айылдан алыс жайгашкандыгына байланыштуу Атбашы айыл аймагынын айыл  өкмөтүндө экономикалык жактан кызыктырган жерлер жок.

2. Жакшыртуу учун инвестицияны талап кылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аймагы (2, 3, 4-чиймелер)

Бул аймактын жалпы аянты - 157,00 га: сугат айдоо - 154,73 га (№146-контурда - 70,19 га, №148-контурда - 63,54 га, №203-контурда - 21,00 га шарттуу сугат), чөп чабык - 2,27 га (№251-контурда - 0,66 га, №250-контурда - 1,61 га).

2018-жылдын 1-январына карата инвестицияны талап кылган жерлерден 263,00 га жер 5 жылга чейин ижарага берилген, анын ичинен 93,0 га №148-контурда, 79,0 га №146-контурда, 77,0 га №203-контурда.

           - 2018-жылы 13,0 га шарттуу сугат жердин мөөнөтú аяктайт.

           - 2019-жылы 125,0 га шарттуу сугат жердин мөөнөтú аяктайт.

           - 2020-жылы 16,0 га шарттуу сугат жердин мөөнөтú аяктайт.

           - 2021-жылы 47,0 га шарттуу сугат жердин мөөнөтú аяктайт.

           - 2022-жылы 50,0 га шарттуу сугат жердин мөөнөтú аяктайт.

       

Бул аймак боюнча пландаштырылган иш чаралар:

  1. 2018- жылга:

№148-контурда 4,0 га, №146-контурда 10,00 га жер участоктору аукционго  коюлат, ижара акысы жана мөөнөтү жер комиссиянын кароосу менен женилдетилип берилет.

№250, -контурдагы 2,0 га чөп чабынды жана №203 контурдагы жерлерге суроо талап жоктугуна байланыштуу, инвесторлорду табыш учун айыл өкмөттúн, райондун, областын денгээлинде инвестициялык конкурс жарыялап, маалыматты таркатуу жумуштарын өткөрúú зарыл. Эн негизгиси - аталган  аймакка кúчтúú электр насосун орнотуу зарыл.

2019-2022  жылга чейин мөөнөтúнөн мурда бошогон жер участоктору болсо ал жерлерге инвестициялык конкурс өткөрúú:

МАКФнын жерлери мөөнөтúнөн мурда бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ал жерлерге ижара укугун берúú боюнча инвестициялык конкурстар  өткөрúлөт.

3. Айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү  фондунун талап болбогон жерлеринин аймагы (1, 2, 3-чиймелер)

2018-жылдын 1-январына карата талап болбогон МАКФнын жерлери 117,0 гектарды түзөт, чөп чабынды 2,0 га №250 контур  (№41-контурда - 2,32 га, №42-контурда -1,50 га) жайгашкан.

Аталган жерлер көп жылдардан бери суроо талап жоктугуна байланыштуу иштетилбей келген, бул жерлерди иштетиш учун чон суммадагы инвестициялар керек, ал инвестициялар акталбайт. Жогоруда көрсөтúлгөн жер участокторун трансформацияга берип, жайытка айлантуу зарыл.

Бул жерлер боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 20,106  жана 109-беренелеринин негизинде  Кыргыз Республикасынын +кмөтúнúн 2014-жылдын 3-март №114-Токтому менен бекиген «Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо» жобосуна ылайык Кыргызмамжердолборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан жер фондусун инвентаризациялоо жумуштары жúрúúдө.

Нарын облусуна караштуу Атбашы районунун Атбашы айыл өкмөтүндөгү МАКФнын жерлеринин 2018-жылдын январына карата таблицасы

 

Контурлардын номерлери

МАКФнын жер участокторунун акыркы өлчөмү (га)

Эскертүү

1.

41

2,32

Чөп чабык

2.

42

1,50

Чөп чабык

3.

146

70,19

Сугат (Насос менен)

4.

148

93,54

Сугат (Насос менен)

5.

203

117,01

Сугат (Насос менен)

6.

250

1,61

Чөп чабык

7.

251

0,66

Чөп чабык

 

Баары

286,83

 

 

 

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге

жайгаштыруу жана айыл чарбасы

боюнча жетектөөчү адиси                                                                                 К. Асаналиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет