Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз IV cессиясынын
ТОКТОМУ №4-2
21-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдымаликов Элдияр Абдымаликович;
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сооронбаев Эрулан;
- Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мелисов Илгиз Мелисович;
- Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөнов Азатбек Турсунович;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мелис уулу Улукбек.
- Түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 17