АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен келген гранттык акча каражатка айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезексиз III -сессиясынын
ТОКТОМУ №3-9
6-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
АРИСтин айылды инвестициялоо долбоору менен келген гранттык акча каражатка айыл чарба техникаларын алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жумалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайынды айылына АРИСтен грант катары бөлүнгөн 54000 (элүү төрт мин) АКШ долларына айыл чарба шаймандары алынсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика, статистика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси Бейшенбек кызы Айсулууга милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков.
Каттоо № 14