Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз III cессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-8

 

6-июль  2023-жыл                                               Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы  айыл  аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Күнүмдүк катуу тиричилик калдыктарын чыгарууда  Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын тургундарынан ар бир түтүнгө 1 (бир) айга 100 (бир жүз) сомдон акы төлөтүү менен жыл сайын 1 марттан 1-декабрга чейин кызмат көрсөтүү жагы белгиленсин;
  2. Калктуу конуштардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү акыны чогултуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;
  3. Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын айыл башчыларына жогорудагы жыйымдарды чогултууга көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин;
  4. Калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн акыны жыйноо боюнча эсебин берип туруу жагы жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын бухгалтерине милдеттендирилсин;
  5. Калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн;
  6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;
  7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                       А. Шүкүрбеков                                                                                                

 

                                                                                                                                        Каттоо № 13

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет