Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчынын штаттык бирдигин ачуу жөнүндө

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз III cессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-6

 

6-июль  2023-жыл                                                               Ат-Башы айылы                                                                                        

 

 

Ат-Башы  айыл  аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүүчү-катчынын штаттык бирдигин ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндөгү” 2023-жылдын  3-апрелдеги  ПЖ №85 Жарлыгына ылайык Ат-Башы, Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айыл аймактыры бириктирилип, Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу иштин көлөмүн жана зарылчылыкты эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндөгү”   2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтомун жетекчиликке алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешине убактылуу 1 (бир) жылдык мөөнөткө келишим аркылуу иш кагаздарын алып баруучу штаттык бирдиги  ачылсын;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     А. Шүкүрбеков                                                                                                 

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 11

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет