Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына айыл башчы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ №3-3
6-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына айыл башчы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 56-беренесинин ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына айыл башчы муниципалдык кызмат орду 2023-жылдын 22-майынан тартып киргизилсин.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын айыл башчы муниципалдык кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Токтомуна ылайык 2023-жылдын 22-майынан тартып бекитилген типтүү түзүмгө жана штаттык ыраатамга ылайык жүргүзүү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн персоналды башкаруу жана уюштуруу бөлүмүмнүн башчысы Т.Иманбердиевага милдеттендирилсин.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө карашту Ак-Жар, Ача-Кайынды айыл башчы муниципалдык кызмат ордуна айлык акылар бекитилген тарификациянын негизинде төлөп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н.Барыктабасовага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 8