Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

  кезектеги I сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 1-8

 

Ат-Башы айылы                                                                             9-февраль 2018-жыл  

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы  бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет 2 (эки) баракта);

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                Т. Ыдырысов                                                                                                                                   

 

 

                                                                                                                           

       Каттоо № 8

 

 

 

 

 

                                                                                                                                  

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

9-февраль 2018-жылдагы

№1-8 токтомуна  №1 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2018-жылга иш планын бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева

2

2017-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков

3

Айыл өкмөттүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев,

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев

4

Ат-Башы айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү жана айылдагы малдардын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иштеринин абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаров, айыл өкмөттүн ветеринардык адиси

У. Жандыралиев

5

Айылдын  жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы 

6

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы жөнүндө.

2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев, туруктуу  комиссиянын  төрагасы

Ж. Сейитказиев, райондук  суу чарба башкар-н башчысы Т. Мусаев, жайыт комитетинин төрагасы

Ж. Кожобердиев

 

 7

 

Жер бөлүштүрүү, айыл чарба  жана экология  боюнча  иштеринин  абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев, туруктуу  комиссиянын  төрагасы

Ж. Сейитказиев

 

8

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө  кырдаалдар боюнча  иштердин абалы жөнүндө (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугун карап  чыгуу, жайгашуунун себебин  аныктоо)

  2-квартал

Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Асанкул уулу Рахат, туруктуу комиссиянын  төрагасы

К. Асаналиев, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору  Б.Жумабаев

9

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Э. Абдымамытов

10

Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы жөнүндө.

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев,  туруктуу комиссиянын төрагасы

Т. Сейитказиев, жайыт комитетинин  башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев

 

11

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

12

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу

  4-квартал

 

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

13

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу  боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева

 

14

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси Г. Минбаева

15

Туруктуу комиссияларынын 2018-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

 

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

 

 

Айылдык Кеңештин катчысы                                                                        Т. Иманбердиева

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет