Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз III cессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-2

 

6-июль  2023-жыл                                                               Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

 

 

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин (тиркеме  1-тиркелет 2 (эки) баракта);   

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   А. Шүкүрбеков                                                                                                 

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 7

 

 

 

 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

                                                                                    айылдык кеңешинин

                                                                                            6-июль  2023-жылдагы

                                                                                              №3-2 токтомуна  1-тиркеме

 

 

Бириктирилген Ат-Башы аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Ат-Башы айыл аймагындагы жугуштуу  илдеттердин  алдын алуу иштери жана  ага карата аткарылган иштер жөнүндө (эмдөө, гуманитардык, социалдык  жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу)

2-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Г.Сакатаева,  билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.

2

Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи  Н. Карыбеков, Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы

3

Айылдын  жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы, көчөлөрдү ондоп-түзөө иштери жөнүндө

 

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары А.Жумалиев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы

4

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн агрардык жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси  У.Жумабеков, жайыт комитетинин төрагасы Т.Ботаев,  жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы

 

5

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугу)

  2-квартал

Айыл өкмөттүн агрардык жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси  У.Жумабеков,курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясы

 

6

Айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана турак жайларды камсыздандыруу иштери жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясы

 

7

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

 «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

8

Айылдагы күзгү  ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча жана малдарды идентификациядан өткөрүү иштердин абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси, ветеринария боюнча башкы адиси

Н. Майрамбек  уулу,  жайыт комитетинин  башчысы Т.Ботаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы

9

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары А.Жумалиев, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

10

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө 

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Г.Сакатаева, социалдык жактан коргоо жана жаштар саясаты боюнча адис К.Казиева, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

 

11

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси  А.Мусаева, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы

12

Ат-Башы айылынын эли менен жолугушуу өткөрүп жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берүү

4-квартал

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттары

13

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин катчысы                                                                     Т. Ыдырысов

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет