Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз IV cессиясынын
ТОКТОМУ №4-3
21-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия
түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 13-главасын жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар (тендер) боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: А. Өмүракунов;
Комиссинын мүчөлөрү: Ы. Мөндүрбаева
И. Мелисов
М. Ноорузбаев
Г. Алыкеева
А. Абитакун уулу
Д. Албанова
- Түзүлгөн комиссияга өздөрүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын, ошондой эле купуялуулукту сактоо жагы милдеттендирилсин.
- Жазуу жүзүндөгү макулдуктарынын негизинде жогорудагы түзүлгөн комиссиянын курамына кирген депутаттарды Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн веб-порталынын тизмегине киргизүү жагы каралсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 18