Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз IV cессиясынын

 

ТОКТОМУ №4-2

 

21-июль  2023-жыл                                                      Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы  айыл  аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен   Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

  1. Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдымаликов Элдияр Абдымаликович;   
  2. Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сооронбаев Эрулан;       
  3. Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мелисов Илгиз Мелисович;        
  4. Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөнов Азатбек Турсунович;
  5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мелис уулу Улукбек.

 

  1. Түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   А. Шүкүрбеков                                                                                                 

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 17

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет