Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз III cессиясынын
ТОКТОМУ №3-8
6-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда кызмат көрсөтүү үчүн төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Күнүмдүк катуу тиричилик калдыктарын чыгарууда Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын тургундарынан ар бир түтүнгө 1 (бир) айга 100 (бир жүз) сомдон акы төлөтүү менен жыл сайын 1 марттан 1-декабрга чейин кызмат көрсөтүү жагы белгиленсин;
- Калктуу конуштардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү акыны чогултуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин;
- Ат-Башы айылынын квартал комитетинин башчыларына, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын айыл башчыларына жогорудагы жыйымдарды чогултууга көмөк көрсөтүү жагы милдеттендирилсин;
- Калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн акыны жыйноо боюнча эсебин берип туруу жагы жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын бухгалтерине милдеттендирилсин;
- Калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 13