Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз III cессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-7

 

6-июль  2023-жыл                                                               Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы  айыл  аймагынын калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2018-жылдын 10-августундагы №90 Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 24-главасына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын 15-февралындагы кезектеги XXIV сессиясынын “Ат-Башы айыл өкмөтүнүн салык эмес жыйымдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” №24-5 токтому жокко чыгарылсын;  
  2. Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жеке жана юридикалык жактар ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулуштун же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр жыл бою бекитилген жер аянтынын 50  чарчы метрге чейин 100 (бир жүз) сомдон, 100 чарчы  метрге чейин 200 (эки жүз) сомдон, 100 чарчы метрден кийин 300 (үч жүз) сомдон, ал эми юридикалык ишкана жана мекемелер үчүн айына 200 (эки жүз) сомдон ар бир жылдын 31-декабрына чейин төлөшсүн;
  3. Калктуу конуштардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын эсебин МСКнын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына ар бир жылдын 31-декабрына чейин берип туруу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адисине тапшырылсын;
  4. Калктуу конуштардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жыйым ай сайын төлөнсүн деп белгиленсин;
  5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин;
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                       А. Шүкүрбеков                                                                                                

 

                                                                                                                                        Каттоо № 12

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет