Ат-Башы токой чарбасына тиешелүү 2,19 га жер аянтын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19га жер аянты менен алмашуу жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезексиз III -сессиясынын
ТОКТОМУ №3-5
6-июль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы токой чарбасына тиешелүү 2,19 га жер аянтын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19га жер аянты менен алмашуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Ат-Башы токой чарбасынын 86 кварталынын 2,3 бөлүмчөсүнөн (выдел) жайгашкан 2,19 га токой фондусундагы жер, Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 2,19 га жер аянтына алмашылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис Р.Мүсүралиевке милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 10