Бириктирилген Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана бош калган Ача-Кайыңды, Ак-Жар айылдарындагы административдик имараттарына кароолчулук штат ачууга макулдук берүү жөнүндө

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз III cессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-4

 

6-июль  2023-жыл                                                                 Ат-Башы айылы                                                                                         

 

 

 Бириктирилген Ат-Башы айыл  өкмөтүнө  жана бош калган  Ача-Кайыңды, Ак-Жар айылдарындагы административдик имараттарына кароолчулук штат ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишиш уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндөгү” 2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтомунун 3-тиркемесине ылайык Бириктирилген Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана Ача-Кайыңды, Ак-Жар айылдарындагы бош калган административдик имараттарды кайтарып, талап-тоноолордун алдын алуу үчүн кароолчулук штатты келишим аркылуу ачуу максатында  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бириктирилген Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана Ача-Кайыңды, Ак-Жар айылдарындагы бош калган административдик имараттарды кайтаруу үчүн кенже тейлөөчү персонал категориясындагы кароолчулук 4 (төрт) штаттык бирдиги келишим аркылуу ачылсын;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     А. Шүкүрбеков                                                                                                 

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 9

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет