Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар, Ача-Кайынды айылдарына айыл башчы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө

  Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин

кезексиз III сессиясынын

 

ТОКТОМУ №3-3

 

6-июль  2023-жыл                                                                 Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл  аймагынын Ак-Жар,  Ача-Кайыңды  айылдарына айыл  башчы  штаттык бирдигин  киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы Р.Докоевдин  билдирүүсүн   угуп  жана  талкуулап  Ат-Башы  айыл  аймагынын  айылдык   кеңеши токтом кылат:

                          

  1. Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Токтомуна  жана  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө Мыйзамынын 56-беренесинин    ылайык, Ат-Башы айыл   аймагынын  Ак-Жар, Ача-Кайыңды  айылдарына  айыл  башчы  муниципалдык  кызмат орду   2023-жылдын 22-майынан  тартып киргизилсин.

 

  1. Ат-Башы айыл  өкмөтүнө караштуу Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын айыл   башчы   муниципалдык  кызмат орундары Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Токтомуна  ылайык 2023-жылдын 22-майынан  тартып  бекитилген типтүү түзүмгө жана штаттык ыраатамга ылайык  жүргүзүү Ат-Башы  айыл  өкмөтүнүн персоналды башкаруу жана уюштуруу  бөлүмүмнүн башчысы Т.Иманбердиевага милдеттендирилсин.

 

  1. Ат-Башы  айыл  өкмөтүнө карашту Ак-Жар, Ача-Кайынды айыл  башчы   муниципалдык  кызмат ордуна  айлык  акылар  бекитилген   тарификациянын негизинде  төлөп берүү жагы Ат-Башы  айыл  өкмөтүнүн башкы  бухгалтери  Н.Барыктабасовага  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевке милдеттендирилсин.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                   А. Шүкүрбеков 

 

                                                                                                                                                        Каттоо № 8

 

                                                       

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет