«40 райондон 40 демилге»

Урматтуу Ат-Башы, Ак-Жар,Ача-Кайыңды айылынын ишкерлери!
Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорду шыктандыруу жана илгерилетүү максатында «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды тандоону ишке ашырууда. Тандоого жеке новаторлор, стартапчылар, ошондой эле долбоордук топтор катышууга чакырылат.
Тандоого катышуу үчүн кайрылуучулар өтүнмөнүн формасын толтуруп 40demilge@patent.kg электрондук дарек аркылуу Кыргызпатентке 2023-жылдын 1-августуна чейин берүүсү зарыл.
Белгиленген тартипте тандалган бир инновациялык долбоорду ишке ашырууга 1000000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаттары бөлүнөөрүн маалымдайбыз.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0705572090 байланыш номерине кайрылсаңыздар болот.
 
Нравится
 
 
 
Комментировать
 
 
Поделиться
 
 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет