Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-6
Ат-Башы айылы 9-февраль 2018-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштери боюнча Э. Абдымамытовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы 2017-жыл ичинде бир катар иштерди аткаргандыгы менен бирге кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Э. Абдымамытовго иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн тартиптик жаза көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго сунушталсын;
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Э. Абдымамытовго 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ишиндеги кетирген кемчиликтеринен жыйынтык чыгарбаса кызмат орду чечилээри эскертилсин;
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 6