Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ №1-5
15-май 2023-жыл Ат-Башы айылы
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85- Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177-Токтомун жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра иштеп чыгуу үчүн бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
- Нурланов Ролан Нурланович;
- Пазылахунова Саида Калимжановна;
- Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна.
- Түзүлгөн комиссия өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы А.Шүкүрбеков
Каттоо № 5