Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз I-сессиясынын
ТОКТОМУ №1-2
15-май 2023-жыл Ат-Башы айылы
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85- Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177-Токтомун жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85- Жарлыгына ылайык, “Ак-Жар”, “Ача-Кайынды” жана “Ат-Башы” айыл аймактары бириккендигин, катышкан 40 депутаттардын 24 добушуна ээ болгондугун белгилеп Бириктирилген айыл аймактарынын Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы болуп Шүкүрбеков Акматбек Шүкүрбекович шайланды деп эсептелинсин.
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Шүкүрбеков
Каттоо № 2