Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги  I сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 1-5

 

Ат-Башы айылы                                                                   9-февраль 2018-жыл                                                                                 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын  аныктоо жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата 1 969 793 сом 05 тыйын калдык жана атайын эсебиндеги 180 539 сом 04 тыйын акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын  жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2018-жылга карата 1 969 793 сом 05 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
    1. Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 787 400 сом;
    2. Кызматтык авто унаа алууга 750 000 сом;
    3. Жайыт комитетине 121 500 сом; 
    4. 1С программа  40 000 сом;
    5. Рутокен (ЭЦП) 3 100 сом;
    6. Сайттын кызматы 3 000 сом; 
    7. Даталуу күндөргө 50 000 сом;
    8. Ж.Курманов китеп чыгарууга жардам 20 000 сом;
    9. Чөө атууга 20 000 сом;
    10. Улан жаңы конушуна эл. линия тартуу 150 000 сом;
    11. Трансформатор коштуруу  24 793 сом;

                   

  1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги (ата-энелерден түшкөн төлөм) 01.01.2018-жылга калган калдыгы 180 539 сом 04 тыйын бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-аш чыгымдарына жумшалсын:

              

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы          Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы                        К. Чоробековго тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.     

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         Т. Ыдырысов

                                                                                                                         

    Каттоо №5

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет