Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Ы. Мөндүрбаеванын сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XXV сессиясынын
ТОКТОМУ №25-5
14-апрель 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Ы. Мөндүрбаеванын сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Ы. Мөндүрбаеванын сунушунун негизинде Ат-Башы айылындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп баштаган 120 (бир жүз жыйырма) орунду бала бакчанын курулушунун токтоп тургандыгы боюнча, себептерин аныктоо, иликтөө, сот отурумдарына катышуу жана бала бакчанын курулушун бүткөрүү боюнча иш алып баруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Комиссиянын төрайымы: Ы. Мөндүрбаева
Комиссиянын мүчөлөрү: А. Өмүракунов
И. Мелисов
Н. Жаныгулова
У. Мелис уулу
- Түзүлгөн комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып барсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Э. Толубаев
Каттоо №132