Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгынын 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициэнтти кабыл алуу, айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XXV сессиясынын
ТОКТОМУ №25-4
14-апрель 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгынын 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициэнтти кабыл алуу, айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А. Мусаеванын берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2023-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы суу баскан аянтынын салыгы 1га жерге жеңилдиктен кийин жылына 191 (бир жүз токсон бир) сом өлчөмүнө бекитилсин;
- 2023-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы кайрак жер аянтынын салыгы 1га жерге жылына 54 сом 30 тыйын (элүү төрт сом отуз тыйын) өлчөмүндө бекитилсин;
- 2023-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин: айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, 1,2,3,4-тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы, короо жай жана багбанчылык жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Ат-Башы айылындагы жайгашкан бардык соода түйүндөр,кафелер, коммуналдык социалдык тейлөө кызматтары, ресторандар,мейманканалар, базарлар, дарыканалар, дүкөндөр үчүн жер салыгын эсептөөдө зоналдык коэфициэнти -1,2 ченемдик өлчөмүндө бекитилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А. Мусаевага милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Э. Толубаев
Каттоо №131