Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын 15-февралындагы кезектеги XXIV сессиясынын №24-7 “Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна толуктоо к
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XXV сессиясынын
ТОКТОМУ №25-3
14-апрель 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жылдын 15-февралындагы кезектеги XXIV сессиясынын №24-7 “Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставына толуктоо киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адис- юристи Н. Карыбековдун берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставына №2.3 пунктуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- Ат-Башы айыл аймагындагы көчөлөргө жарандардын коопсуздугун жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчөлөргө орнотулган түнкү чырактарды оңдоо иштерин жүргүзүү, түнкү чырактарды өз учурунда өчүрүп, күйгүзүү жана тейлөө, түнкү чырактар жок көчөлөргө түнкү чырактарды орнотуп, иш алып баруу;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы адис- юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Э. Толубаев
Каттоо №130