Ат-Башы айылындагы кулап калуу коркунуч жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак дарактарды кыркууга уруксат берүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XXV сессиясынын
ТОКТОМУ №25-2
14-апрель 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы кулап калуу коркунуч жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак дарактарды кыркууга уруксат берүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулунун берген маалыматынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы кулап калуу коркунуч жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак дарактарды кыркууга уруксат берүү үчүн комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: И. Мелисов- курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Комиссиянын катчысы: Р. Асанкул уулу-айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү: М. Карымбаев- курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Н. Карыбеков-айыл өкмөттүн башкы адис юристи;
Э.Кален уулу-Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл Нарын регионалдык башкармалыгынын көзөмөлдөө жана текшерүү кызматынын башкы инспектору;
- Түзүлгөн коммисия өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Э. Толубаев
Каттоо №129