Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын административдик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын административдик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Башкы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- кенже кызмат орундары - муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим; ( гуманитардык, экономика жана башкаруу).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян ( соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 15-мартына чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81