Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

                                Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

                                        кезектеги XХIV сессиясынын

 

                                            ТОКТОМУ №24-10

 

15-февраль 2023-жыл                                              Ат-Башы айылы                                                                                        

 

 

                      Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн

                                                 иш планын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Эсенгул кызынын сунушун угуп Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы  бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет 4(төрт) баракта);

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына  жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                         К. Айдыралиев

 

                                                                                                                                                               Каттоо №127

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                               Ат-Башы айыл аймагынын

                                                                                    айылдык кеңешинин

                                                                                            15-февраль  2023-жылдагы

                                                                                              №24-10 токтомуна  №1 тиркеме

 

 

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин 2023-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2023-жылга  карата иш планын бекитүү

 

1-квартал

Айылдык кеңештин төрагасы К. Айдыралиев, айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Эсенгул кызы

2

Ат-Башы айыл аймагынын 2023-жылга карата бюджетин бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиев, ФЭБдин башчысы Т. Жусубалиев, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э. Абдымаликов

 

3

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги

1-январь 2023-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо

1-квартал

Айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиев, ФЭБдин башчысы Т. Жусубалиев, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э. Абдымаликов

 

4

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2023-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү Т.Кудайбергенов, жайыт комитетинин төрагасы Т. Ботаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Осмонов

5

2022-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

А. Аалиев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

6

Айыл өкмөттүн 2022-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Абдымаликов,

Айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы Т. Жусубалиев

7

Ат-Башы айыл аймагындагы жугуштуу  илдеттердин  алдын алуу иштери жана  ага карата аткарылган иштер жөнүндө (эмдөө, гуманитардык, социалдык  жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу)

2-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева,  билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У. Мелис уулу

8

Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи  Н. Карыбеков, Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М. Турдумбаева

9

Айылдын  жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө

 

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Осмонов

10

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Кудайбергенов, жайыт комитетинин төрагасы Т. Ботаев,  жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Осмонов

 

11

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугу)

  2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиев, курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И. Мелисов

 

12

Айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана турак жайларды камсыздандыруу иштери жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Асанкул уулу Р

 

13

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

А. Аалиев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

14

Айылдагы күзгү  ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча жана малдарды идентификациядан өткөрүү иштердин абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси, ветеринария боюнча башкы адиси

А. Өскөналы  уулу,  жайыт комитетинин  башчысы Т. Ботаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Осмонов

15

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  У. Мелис уулу

16

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө 

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  У. Мелис уулу

 

17

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси  А. Мусаева, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Э. Абдымаликов

18

Ат-Башы айылынын эли менен жолугушуу өткөрүп жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берүү

4-квартал

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттары

19

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

 

 

Айылдык кеңештин катчысы                                                                     К. Эсенгул кызы

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет