Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XХIV сессиясынын
ТОКТОМУ №24-9
15-февраль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын башкы планы бекитилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б.Жунусалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №126