Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин, иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XХIV сессиясынын
ТОКТОМУ №24-8
15-февраль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин
2023-жылга карата бюджетин, иш планын жана ички тартип
эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т. Боотаевдин берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Жайыттан түшкөн акча каражаты 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
Чыгаша бөлүгү:
- Эмгек акы, соц.фондго 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2023-жылга карата иш планы (тиркеме №1) жана ички тартип эрежелери (тиркеме №2) тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасы Т. Боотаевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 125
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 15-февраль
2023-жылдагы кезектеги XХIV сессиясынын
№24-8 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы районундагы Ат-Башы ЖПБнын 2023-жылга карата иш-чараларынын
П Л А Н Ы
№ |
Аткарылуучу иштер |
Кимдер аткарат |
Мөөнөтү |
|
1 |
1-январь 2023-жылга карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте малдын башын тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
Январь,февраль |
|
2 |
Жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
март |
|
3 |
Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,райондук жайыт кызматкерлери |
февраль |
|
4 |
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттарын райондук мамлекеттик каттоо мекемеси менен бирдикте чек араларды тактоо |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети.КМУКБ |
март |
|
5 |
Жайытка баруучу маршруттарды,жолдорду ондоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
Март,апрель |
|
6 |
Жайыт пайдалануучуларга түшүндүрмө берүү,АРИС кызматкерлери менен окууларды өтүү |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети,АРИС |
|
март |
7 |
Жайыт билеттерин берүү |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
|
Апрель.май |
8 |
Убагында ветеринардык дарылоолорду өткөрүү |
Вет.сервис |
|
2023-жыл ичинде |
9 |
Малдарды жайлоого көчүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети мал ээлери менен биргеликте |
|
Май.июнь |
10 |
Жайыт акыларды жыйноо |
Жайыт комитети |
|
2023-жыл ичинде |
11 |
Жайыттарга малдардын жайланышын жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү |
Айыл өкмөт,жайыт комитети |
|
Июль,август |
12 |
Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп, тиешелүү чараларды көрүү |
Райондук жайыт комитети |
|
Июль,август |
13 |
Жайыттарды жакшыртуу менен алардын инфраструктурасын ондоо максатында инвестицияларды тартуу бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан болгон акча каражаттарды пайдаланууда жайыт комитетинин мүчөлөрү менен иш алып баруу |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
|
2023-жыл ичинде |
14 |
Айыл өкмөттөрдөгү жайыттардын пайдаланылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматтарды,отчетторду райондук жайыт департаментине жиберип туруу |
Жайыт комитети |
|
2023-жыл ичинде |
15 |
Ат-Башы айыл аймагына карашту жайыттардын жолдорун ондоо |
Жайыт комитети |
|
2023-жыл ичинде |
16 |
«Көк-Күмбөз» участогундагы №24 контурун 363,2га жайыт жер аянтын жана «Сары-Коо» участогундагы № 144 контурун 57,5га жайыт жер аянтын жайыт категориясынан чөп чабынды категориясына которуу боюнча трансформациялоо иштерин жүргүзүү |
Жайыт комитети |
|
2023-жыл ичинде |
17 |
Сары-Коонун тургундарын суу менен камсыз кылуу |
Жайыт комитети |
|
Август,сентярь |
Жайыт комитетинин төрагасы Т.Боотаев
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 15-февраль
2023-жылдагы кезектеги XХIV сессиясынын
№24-8 токтомуна №2 тиркеме
Ички тартип эрежелери
- Ат-Башы айыл аймагынын тургундары жайыт акыга ар бир баш кой-эчкиге 25 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 100 сомдон, төлөнсүн;
- Жайыт акысы башка айыл өкмөттөрүнүн жайыттарына жайлап келсе дагы Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетине төлөнсүн;
- Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;
- Жайыт категориясындагы жер аянттарынын кыртышын бузууга жол берилбесин;
- Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
- Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көчүү мөөнөтүнөн кечигип. айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин;
- Сары-Коо, Таш-Өтөк, Чар ички жайыттарына жайкысын бир да малчы калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн;
- Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге1(бир)баш атка уруксат берилсин;
- Ички жайыттан жайлоолорго 2023-жылдын 10-майынан калбай көчүрүлсүн;
- 2023-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап себүү жана күзгү оруп жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт комитети, жер пайдалануучулар менен биргеликте корук уюштурулсун;
- Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин. (КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин №238 «Айдоо жерлерин тепсөө» беренесинде көрсөтүлгөндөй: айдоолорду атайын жана этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн талаадагы түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
- Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көчүү мөөнөтүнөн кечигип. айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;
- Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;
-1 баш бодо малга 600 (алты жүз)сом.
-1 баш торпок-тайга400 (төрт жүз)сом.
-1 баш кой,эчкиге 100 (жүз)сом.
-1 баш козу,улакка 50 (элүү)сом.
14. Жайлоодон көчүп келүү. дыйкандардын оруп-жыйуу иштери бүткөндөн кийин уруксат берилсин.
Жайыт комитетинин
төрөгасы Т.Боотаев