Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XХIV сессиясынын
ТОКТОМУ №24-7
15-февраль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак”
муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адис- юристи Н. Карыбековдун берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы адис- юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 124
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
15-февраль 2023-жылдагы
№24-7 токтомуна №1 тиркеме
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын Уставы
- Жалпы жоболор;
- «Көрктүү аймак» Муниципалдык ишканасын уюштуруунун негизги максаттары жана ишмердүүлүгүнүн негизи;
- «Көрктүү аймак» Муниципалдык ишканасынын укуктук абалы;
- Башкаруу жана ишти уюштуруу;
- Муниципалдык ишкананын мүлктөрү жана каражаттары;
- Каржы жана чарбалык ишмердүүлүк;
- Карыз жана насыя, грант тартуу;
- Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттуулук;
- Тарифтердин структурасы;
- Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу.
-
Жалпы жоболор:
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы (мындан ары-муниципалдык ишкана) Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкана болуп эсептелинет жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарбалык субүектиси катары уюштурулду.
- Муниципалдык ишкана- Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жамааттын жобосуна, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык өз ишмердүүлүгүн алып барат.
- Уюштуруучу документи болуп- муниципалдык ишкананын уставы эсептелинет.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасын уюштуруучу болуп, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп эсептелинет.
- Муниципалдык ишкананын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын чыгымдар сметасы жана штаттык бирдиги жетекчиси тарабынан сунушталып, уюштуруучу тарабынан бекитилет.
- Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдетине ээ болот.
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын толук жана кыска аталышы:
-кыргыз тилинде: «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы, кыскартылып аталышы: «Көрктүү аймак» МИ;
- расмий тилде: Муниципальное предприятие «Көрктүү аймак», кыскартылып аталышы: МП «Көрктүү аймак».
- Муниципалдык ишкананын жайгашкан юридикалык дареги: Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, М.Жунусов көчөсү № ¼.
-
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасын уюштуруунун негизги максаттары, милдети жана ишмердүүлүгүнүн негизи:
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнүн негизи болуп Ат-Башы айыл аймагынын ичин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айылдын ичин тазалыкта кармоо, күнүмдүк чыккан катуу таштандыларды тазалоо, жашыл маданий бактарды тигүү менен айыл ичин көрккө келтирүү, арык жана ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана уюштуруу, жол жана аллеяларды калыбына келтирүү менен ремонттук иштерди алып баруу, жергиликтүү жамааттын экологиялык таза ыңгайлуу шартта жашоосуна шарт түзүүгө умтулуу. Ат-Башы айылынын социалдык-инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Ат-Башы айыл аймагындагы жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү, жайыт аймактарынын экологиялык, социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган башка иштерди жүзөгө ашыруу, жайыттарды жана алардын инфраструктураларын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу. Ат-Башы айыл аймагынын калкын мамлекеттик стандартка жооп берген ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу жана тейлөө.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасын уюштуруунун максаты болуп: Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызмат көрсөтүү, экономикалык рентабелдүү ишмердүүлүк жүргүзүү менен киреше табуу, калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, жер жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо,жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн күтүү жана жакшыртуу, муниципалдык мүлктү аяр пайдалануу.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы өзүнүн максаттарына жетиш үчүн төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат:
- айылдын ичин көрктөндүрүп жашылдандыруу;
- көп жылдык бак-дарак өсүмдүктөрдү тигүү;
- куураган бак-дарактарды кыркуу, кыйылган дарактардын ордуна көчөттөрдү отургузуу менен калыбына келтирүү;
- арык жана айылдын ирригациялык системасын оңдоо, курулуш иштерин жүргүзүү жана калыбына келтирүү;
- жашылдандырылган жерлерди коруу жана сактоо;
- айылдын ичиндеги тазалыкты сактоо, күнүмдүк тиричилик таштандыларын чыгаруу;
- таштанды чогултуучу жайларды аныктоо жана аларды чыгарып турууну дайыма жүзөгө ашыруу;
- парк жана эс алуучу жайларды калыбына келтирүү, уюштуруу жана анын тазалыгын сактоо;
- айылдын экологиялык- таза ыңгайлуу жашоо шартын уюштуруу;
- көп жылдык бак-дарак, бадал жана гүл өсүмдүктөрүн өстүрүү, аларды тигүү жана аларды өстүрүп кароодо жергиликтүү айыл тургундарына көмөк көрсөтүү;
- тең шартта юридикалык жана физикалык жактарга акылуу кызмат көрсөтүү;
- акылуу транспорттук кызмат көрсөтүү;
- күнүмдүк тиричилик таштандыларды чыгарууда физикалык жана юридикалык жактарга акы төлөтүү менен кызмат көрсөтүү;
- таштандыларды кайра иштетүү боюнча мини-комбинаттарды уюштуруу;
- курулуш материалдарын өндүрүп чыгуу менен пилорама, столярдык цех жана башка социалдык-обүектилерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жер үстүндөгү курулуш материалдарын (шагыл, топурак, таш ж.б.) казып алуу, сатуу ж.б. ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;
- айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыздоо;
- калкты таза суу менен камсыздоодо технологиялык жана көмөкчү жабдууларды, механизмдерди, транспорт каражаттарын, инженердик коммуникацияларды оңдоо жана монтаждоо иштерин жүргүзүү;
- ички чарбалык каналдарды жаз мезгилинде өз убагында тазалоо иш чараларын уюштуруу;
- таза суу жана сугат суу үчүн акы төлөм чогултуу;
- жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө жылдык планды бекитүү менен жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөм чогултуу;
- жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт билеттерди берүү;
- муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүдө, активдердин амортизациясын эске алуу менен кеткен чыгымдарды толук калыбына келтирүү;
- жергиликтүү жана эл аралык коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар менен финансы каражаттарын тартуу, гранттык жардам алуу;
- чарбачылык укугу менен өткөрүлүп берилген мүлктү сактоо, жаңыртуу жана муниципалдык менчикти калыптандыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, максаттарына, милдеттерине карама каршы келбеген башка ишмердүүлүктөрдү ишке ашыруу.
3. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын укуктук абалы
3.1. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта юридикалык жак статусуна ээ болот. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы өзүнүн максатына жетиш үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу:
- акы алуу менен юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүгө;
- негизги жана жүгүртмө каржаттарына жана өзүнүн балансындагы мүлккө ээ болууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укук-милдеттерге ээ жана соттордо доогер жана жоопкер катары талабын коргоого;
- өзүнүн толук аталышы менен мамлекеттик жана расмий тилдерде мөөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн штампы жана бланкаларын жасатуу менен колдонууга;
- акы төлөө менен көрсөтүлүүчү кызматтардын акысынын өлчөмүн айыл өкмөтү менен макулдашып жергиликтүү кеңешке сунуштоого;
- Айыл өкмөтү менен макулдашып адистерди кабыл алуу, тандоону жүргүзүүгө;
- штаттык күндөлүк боюнча чыгымдардын сметасына ылайык кызматтык акылардын көлөмүн уюштуруучуга сунуштоого;
- ички кызматтык инструкция жана жоболорду иштеп чыгууга;
- жайыт билетин берүүдө жана калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди түзүүгө;
- жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү аныктоо менен инвестициялык пландарды иштеп чыгууга;
- эл аралык, коомдук, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар менен тийиштүү келишимдерди түзүүгө.
3.2. Муниципалдык ишкана мамлекеттик милдеттенмелери үчүн, мамлекет муниципалдык ишкананын милдеттенмелери үчүн жооп бербейт. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурдан тышкары муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдын жана кызмат адамдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат;
3.3. Муниципалдык ишкана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жатканына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү муниципалдык ишкананын милдеттенмелери боюнча толук жоопкерчиликтүү;
3.4. Муниципалдык ишкана өзүнүн акча каражаттары жана мүлкү менен милдеттенмелери үчүн жооп берет.
-
Башкаруу жана ишти уюштуруу
Муниципалдык ишкананын башкаруу органы болуп- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп эсептелинет. Ат-Башы айыл өкмөтү муниципалдык ишкананы башкарууга байланышкан маселелерин: - анын ичинен уставка өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү, муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча маселени Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешине сунуштоого;
- муниципалдык ишкананын приоритеттүү ишмердүүлүк багыттарын аныктоого;
- таштанды топтолуп чыгарылуучу жерлерди аныктоого;
- келечекте эс алуучу жайларды, көп жылдык бак-дарактарды тигүүчү жерлерди аныктоого;
- муниципалдык ишкананын мүлкүн пайдаланууну көзөмөлдөөгө;
- муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк жүргүзүүгө;
- өзүнүн буйрук, тескемелери менен муниципалдык ишканага тапшырмаларды жүктөө, анын аткарылышын көзөмөлдөөгө;
- муниципалдык ишкана менен башка уюмдардын жана жарандардын ортосунда мамилелерди тескөө жана муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтү толук жоопкерчиликтүү болуп эсептелет;
- Муниципалдык ишкананын күнүмдүк ишмердүүлүгүн ишкананын директору жетектейт. Муниципалдык ишкананын директору- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жумушка алынат жана четтетилет.
- Муниципалдык ишкананын директору:
- муниципалдык ишкананын ишмердигине жетекчиликти ишке ашырат;
- Муниципалдык ишкананын уюштуруу жана каржы-чарбалык ишмердигине жеткчилик кылат;
- Өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде муниципалдык ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
- муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин айыл өкмөтү менен макулдашуунун негизинде жумушка алат жана бошотот;
- бухгалтердик оперативдүү жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштурат жана анын ырастыгына жооп берет;
- банк мекемелеринде эсеп-кысап счетун ачат;
- муниципалдык ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- муниципалдык ишкананын кызыкчылыгынын өкүлчүлүгүнө бүтүм түзүүгө ишеним кат берет;
- Муниципалдык ишкананын ишмердигинин маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат;
- Ишканалар, мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара катышта муниципалдык ишкананын кызыкчылыгын ишеним катсыз көрсөтөт;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Уюштуруучунун компетенциясына киргенден тышкары, башка муниципалдык ишмердигинин маселелерин чечет.
4.5. Муниципалдык ишкананын директору ай сайын өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айыл өкмөт башчысына, тиешелүү органдарга, 6 ай сайын жана жылына бир жолу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешине жалпы ишмердүүлүк боюнча отчет берүүгө милдеттүү жана алардын алдында ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жооп берет.
4.6. Ушул Уставда каралган ишмердикти ишке ашыруу үчүн муниципалдык ишкананын аппаратынын штатын бекитүү жана керектүү адистерге штат ачуу боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнө кайрылууга укуктуу;
4.7. Жарандык бүтүмдүк келишимдин негизинде жумушчуларды жалдай алат.
4.8. Коомдук иштерди аткаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылып тазалык күндөрүн өткөзүүгө укуктуу.
5. Муниципалдык ишкананын мүлктөрү жана каражаттары
5.1. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык мүлккө жана каражаттарга чарба жүргүзүү укугу менен ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө жүргүзөт.
5.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнүн жана каражаттарынын түзүлүү булактары төмөнкүлөрдөн турат:
- Жергиликтүү бюджеттен ассигнацияланып каржыланган каражаттан;
- Салыктык эмес жыйымдардан түшкөн акча каражаттардан;
- Өндүрүштүк чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан;
- Көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардан;
- Жайыт жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн келип түшкөн акча каражаттардан;
- Калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттарынан;
- Банктык уюмдардан алынган ссуда, насыяга алынган каражаттардан;
- Жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде өткөрүлүп берилген мүлк жана каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка кирешелерден.
5.3. Түшкөн акча каражаттары ишкананы тейлеген банктардын эсебине которулат.
5.4. Муниципалдык ишкананын каражаттары жана мүлктөрү муниципалдык мүлк болуп эсептелинет, аны башкаруу жана тескөө ушул бөлүктүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй чарба жүргүзүү укугу менен жөнгө салынат.
5.5. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше жана пайда тиешелүү салык жана төлөмдөрдү төлөп бүткөндөн кийин толук айыл өкмөтүнүн эсебинде калат жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сунушунун жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин чечиминин негизинде ишкананын келерки жылдагы оперативдик жана бюджеттик пландарына жумшалат.
5.6. Муниципалдык ишкананын мүлкү жана каражаттары төмөнкү иш чараларды аткарууга пайдаланылат жана жумшалат:
- Муниципалдык ишкананын Уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга;
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысына;
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө керектүү мүлктөрдү, каражаттарды ремонттоо (күйүүчү май жана техникалык тетик), офистик каражаттарды, жабдыктарды жана инвентарларды сатып алууга;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келбеген максаттарга.
5.7. Муниципалдык ишкананын өзүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен туруктуулугун түптөө максатында Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин чечимдеринин негизинде тиешелүү (өнүгүү, резервдик, керектөө, материалдык ж.б.у.с.) фонддорду ачууга укуктуу.
- Каржы жана чарбалык ишмердүүлүк
6.1. Муниципалдык ишкана өзүнүн каржы чарбалык ишмердүүлүгүн чарба жүргүзүүчү уюм (хозрасчетная организация) катары алып барат. Уставка ылайык бюджеттик жана чарба жүргүзүүчү уюмдар, жеке жактар менен келишимдик негизде кызмат көрсөтүп каражат таба алат;
6.2. Ишмердүүлүгүндө түшкөн заказдарды базар баасында аткарууга укуктуу;
6.3. Ат-Башы айыл аймагынын тазалыгын сактап, көчө, тротуарларды шыпырып тазалоо боюнча коомчулукту коомдук иштерге тарта алат;
6.4. Жарандык укуктук келишимдин негизинде кызмат көрсөтүү келишимге ылайык жумушчуларды тартууга укуктуу;
6.5. Муниципалдык ишкана штаттык күндөлүгүнө жана сметасына ылайык киреше жана чыгашаларын жөнгө салуу боюнча иштерди аткарат.
6.6. Тазалыкты кармоо боюнча жоболорду иштеп чыгып, айыл өкмөтүнө сунуштоого укуктуу;
6.7. Жергиликтүү керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз сапаттуу ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылат;
6.8. Жайыт инфраструктураларын жакшыртуу боюнча натыйжалуу иш алып барат;
6.8. Тазалыкты сактоо жана көчөлөрдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча графиктин негизинде иш алып барат.
- Карыз жана насыя, грант тартуу
7.1. Муниципалдык ишкана Уставдык максаттарга жетиш үчүн карыз жана насыя каражаттарын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин макулдугунун негизинде тартууга укуктуу.
7.2. Муниципалдык ишкананын Уставдык максаттарына жетиш үчүн гранттык каражаттарды тартуу ишмердүүлүгү приоритеттүү ишмердүүлүк болуп эсептелинет. Тартылган гранттык каражаттар Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан шарттары макулдашылып, Ат-Башы айылдык кеңеши тарабынан муниципалдык мүлк катары реестрге катталыш керек.
- Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу,эсеп жана отчеттуулук
8.1. Муниципалдык ишкана жыл сайын Ат-Башы өкмөтүнө оперативдик жана бюджеттик планын, аткаруу графигин жана мөөнөтүн бекиттирип турууга милдеттүү;
8.2. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык оперативдүү эсеп жүргүзөт;
8.3. Муниципалдык ишкана ар бир айдын аягында оперативдик башкаруу планы, баланс, аткаруу графигинин мөөнөтү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана алты айдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык Кеңешке отчет берип турууга милдеттүү;
8.4. Бухгалтердик эсептердин, финансылык документтердин, отчеттуулуктун башка формаларынын жүрүшү, берилиши үчүн муниципалдык ишкананын директору жооп берет;
8.5. Муниципалдык ишкананын биринчи каржы жылы анын катталган күнүнөн башталат, кийинки календарга ылайыкталат;
8.6. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында Ат-Башы айыл өкмөтү жана Ат-Башы айылдык кеңеши аудит тартууга укуктуу.
- Тарифтердин структурасы
9.1. Жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери муниципалдык ишкананын директору тарабынан түзүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтү менен макулдашылып, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылгандан кийин Ат-Башы айылдык кеңеши тарабынан бекитилет;
9.2. Кызмат көрсөтүүнүн тарифтеринин көлөмү өзүн толук актоо принциби менен аныкталып, актоо көлөмүнөн жогору аныкталышы керек;
9.3. Тарифтердин көлөмүн өзгөртүү шарттары 9.1.- бөлүгүндө каралган тартип менен жөнгө салынат.
-
Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
- Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү) Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Ат-Башы айылдык кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;
- Муниципалдык ишкананын ыйгарым укуктары жана милдеттери кайра уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде анын укук мураскорлоруна өтөт;
- Муниципалдык ишкана жоюлган учурда (соттун чечими менен жоюлуудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясы түзөт. Жоюу комиссиясы муниципалдык ишкананын жоюлуу шарттарын, мөөнөтүн аныктайт. Жоюу комиссия түзүлгөн учурдан баштап ага муниципалдык ишкананын иштерин башкаруу ыйгарым укуктары өтөт. Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык ишканага, анын жумушчуларына, үчүнчү жактарга келтирилген чыгаша жана зыян үчүн жоопкерчилик тартат;
- Муниципалдык ишкананы жоюуда насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктары канааттандырылгандан калган мүлк Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансасына толук өтөт.
- Муниципалдык ишкана мамлекеттик реестрге тиешелүү жазуу киргизилгенден баштап жоюлду деп эсептелет;
- Уставда каралбай калган кайра уюштуруу жана жоюу шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
-
Корутунду жоболор
- Ушул Устав мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап күчүнө кирет;
- Ат-Башы айыл өкмөтү Уставга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү компетенциясына ээ болот жана өзгөртүү жана толуктоолор Ат-Башы айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Уставка киргизилген толуктоолор жана кошумчалар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап күчүнө кирет;
- Уставда каралбай калган маселелер Ат-Башы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Ат-Башы айылдык кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет;
- Ушул уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда ал башка жоболорго залал келтирбейт.