Ат-Башы айыл өкмөтүнүн салык эмес жыйымдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XХIV сессиясынын
ТОКТОМУ №24-5
15-февраль 2023-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн салык эмес жыйымдардын
тизмегин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис- юристи Н. Карыбековдун билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 2- пунктунун “2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жана салык эмес жыйымдарды бекитүү жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат” деп белгиленгендиктен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктар эмес жыйымдардын тизмеги төмөндөгүдөй бекитилсин;
- Жогорудагылардын негизинде Ат-Башы айылынын тургундарынын ар бир түтүнгө 1 айга 100 (бир жүз) сомдон 1-марттан 1-декабрга чейин төлөнсүн;
- Ат-Башы айылындагы соода түйүндөргө жыл бою 50 чарчы метрге чейин 100 (бир жүз) сом, 100 чарчы метрге чейин 200 (эки жүз ) сом, 100 чарчы метрден кийин 300 (үч жүз) сом;
- Ат-Башы айылынын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнө милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 122